29-берене. Резиденттер тарабынан Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ачылган эсептерди каттоо


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

31.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

5-глава. Кыргыз Республикасындагы валюта саясаты

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 29-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.

1. Кыргыз Республикасынын резиденттери - юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ачылган эсептерди жана аманаттарды Улуттук банкта каттоого милдеттүү.

2. Кыргыз Республикасынын резиденттери - юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ачылган эсептер жана аманаттар жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле чет өлкөлүк валютада жүргүзүлгөн операцияларга байланышкан ар кандай башка документтерди жана маалыматтарды Улуттук банктын суроо-талабы боюнча берүүгө милдеттүү.