26-берене. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк валютадагы операциялар


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

31.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

5-глава. Кыргыз Республикасындагы валюта саясаты

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 26-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.

1. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк валютада эсептешүүлөр жана төлөмдөр Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында накталай жана накталай эмес улуттук жана/же чет өлкөлүк валютаны сатып алуу-сатуу (алмашуу) боюнча операцияларга чек коюлбайт жана Улуттук банктын тиешелүү лицензиясына ээ банктарда, адистештирилген финансылык жана финансы-кредит уюмдарында, микрофинансылык компанияларда, микрокредиттик компанияларда, кредиттик союздарда жана алмашуу бюролорунда гана жүзөгө ашырылат.

Накталай жана накталай эмес улуттук жана/же чет өлкөлүк валютаны сатып алуу-сатуу (алмашуу) боюнча операцияларды жүргүзүү, отчетторду жана маалыматтарды берүү тартиби жана шарты, ошондой эле ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөгүлгөн жактарга карата коюлуучу талаптар Улуттук банк тарабынан аныкталат.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар жүргүзүлүүчү операциялардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүсүн камсыз кылууга милдеттүү.