27-берене. Чет өлкөлүк валютаны жана валюталык баалуулуктарды алып өтүү
20.09.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
31.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026
Жаңыртылды: 03.11.2026
5-глава. Кыргыз Республикасындагы валюта саясаты
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 27-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.
1. Бажы мыйзамдарына ылайык бажылык контролдоо пункттарында декларацияланган шартта чет өлкөлүк валютаны чет өлкөлөрдөн жана чет өлкөлөргө ташып өтүү (ташып келүү жана ташып чыгуу), ошондой эле валюта болуп эсептелбеген валюталык баалуулуктарды алып өтүү чектелбейт.
2. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу жана Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун коргоо максатында, накталай чет өлкөлүк валютаны, ошондой эле валюталык баалуулуктарды жана баалуу металлдарды алып өтүүнү чектөөгө укуктуу.