25-берене. Алмашуу курсу
20.09.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
31.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026
Жаңыртылды: 03.11.2026
5-глава. Кыргыз Республикасындагы валюта саясаты
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 25-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.
1. Расмий алмашуу курсу Улуттук банк тарабынан рыноктук спот-алмашуу жана башка рыноктук курстардын базасында аныкталат жана жарыяланат. Расмий алмашуу курсу Улуттук банктын жарыяланган курстар боюнча чет өлкөлүк валюталарды сатып алуу жана сатуу милдеттенмелерисиз Улуттук банк тарабынан аныкталат жана жарыяланат.
2. Эгерде Улуттук банк тарабынан башкача белгиленбесе, спот-алмашуу жана башка рыноктук алмашуу курстары сатуучу менен сатып алуучунун ортосунда эркин аныкталат.