22-2-берене. Санарип сомдун эмиссиясы
20.09.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
31.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026
Жаңыртылды: 03.11.2026
41-глава. Кыргыз Республикасынын санарип сому
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 22-2-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.
1. Санарип сомдун эмиссиясын жүргүзүү (чыгаруу) өзгөчө укугу Улуттук банкка таандык.
2. Санарип сом Улуттук банктын айныксыз милдеттенмеси болуп саналат жана анын бардык активдери менен камсыз кылынат.
3. Санарип сомду атайлаштырылган платформадан жүгүртүүдөн алып салуу Улуттук банктын өзгөчө укугу болуп саналат.
(КР 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 74 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)