22-3-берене. Санарип сомду жүгүртүүнү уюштуруу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
41-глава. Кыргыз Республикасынын санарип сому
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 22-3-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.
Улуттук банк санарип сомду жүгүртүүнү уюштуруу максатында:
1) санарип сомду чыгарууга муктаждыкты болжолдойт;
2) банктар жана Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жактар үчүн санарип сомду сактоо, өткөрүп берүү жана коргоо тартибин жана талаптарын белгилейт;
3) банктар жана Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жактар үчүн санарип сом операторунун платформасында төлөмдөрдү жүргүзүү эрежелерин иштеп чыгат жана бекитет;
4) санарип сомдун коопсуздугун камсыз кылуу жана аны менен алдамчылык бүтүмдөрдүн жана операциялардын алдын алуу үчүн криптокоргоо белгилерин аныктайт;
5) Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө мыйзамдарына ылайык санарип сом платформасы иштеген чөйрөдө башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 74 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)