22-1-берене. Санарип сом
20.09.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
31.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026
Жаңыртылды: 03.11.2026
41-глава. Кыргыз Республикасынын санарип сому
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 22-1-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.
1. Санарип сом - Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналган Кыргыз Республикасынын санарип түрүндөгү улуттук валютасы.
2. Санарип сом атайлаштырылган платформада санарип формасында жүгүртүүгө чыгарылат.
3. Санарип сом платформасынын оператору Улуттук банк болуп саналат.
4. Санарип сом платформасы санарип сомдун эмиссиясы (чыгаруу), эсепке алуу жана жайылтуу үчүн технологиялык жана программалык инфратүзүмдү билдирет.
(КР 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 74 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)