20-берене. Акча белгилеринин эмиссиясы
20.09.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
31.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026
Жаңыртылды: 03.11.2026
4-глава. Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 20-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.
1. Улуттук валютанын акча белгилерин жүгүртүүгө чыгаруу жана жүгүртүүдөн алуу боюнча өзгөчө укук Улуттук банкка гана таандык.
2. Акча белгилери Улуттук банктын айныксыз милдеттенмелери болуп саналат жана анын бардык активдери менен камсыз кылынат.
3. Акча белгилерин жараксыз төлөм каражаттары деп жарыялоо Улуттук банктын өзгөчө укугу болуп саналат.