19-берене. Кыргыз Республикасынын акча бирдиги (улуттук валюта)


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

31.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

4-глава. Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 19-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.

1. Кыргыз Республикасынын акча бирдиги болуп сом саналат. Бир сом 100 (жүз) тыйындан турат.

2. Накталай акча белгилери банкнот жана монета түрүндө жүгүртүүгө чыгарылат.

3. Улуттук банк башка мамлекеттердин акча бирдиктерине карата сомдун расмий курсун белгилейт.