21-берене. Төлөм каражаты
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
4-глава. Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 21-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.
1. Сом Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында төлөмдөрдүн бардык түрлөрү боюнча чектөөлөрсүз кабыл алынууга милдеттүү болгон жалгыз мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналат. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында эсептешүүлөр жана төлөмдөр Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүзөгө ашырылат. Валютасы тараптардын макулдашуусу менен аныкталуучу экспорттолуучу жана импорттолуучу товарларды берүүгө жана кызматтарды көрсөтүүгө келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн инвестициялык макулдашууга же мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга ылайык жүзөгө ашырылуучу отун-энергетикалык комплекс чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоорлордун алкагында товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууну кошпогондо, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары сом менен жана чет өлкөлүк валютанын курсуна байланыштырбастан көрсөтүлүүгө тийиш. Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө бааны чет өлкө валютасында көрсөтүү менен жарнамалоого тыюу салынат.
2. Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын акча белгилерин кабыл алуудан негизсиз баш тарткан, ошондой эле аларды атайын жок кылган же жарнама жана башка максаттарда мыйзамсыз пайдаланган учурда жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
3. Акча белгилерин жасалмалоо жана мыйзамсыз даярдоо, ошондой эле акча белгилерин санкцияланбаган эмиссиялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-январындагы № 33 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)