13-берене. Акча-кредит саясаты
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
3-глава. Кыргыз Республикасынын акча-кредит саясаты жана
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 13-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.
1. Акча-кредит саясаты Улуттук банк тарабынан аныкталат жана жүргүзүлөт. Акча-кредит саясатын жүргүзүүдө Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен өз ара аракеттенүүгө укуктуу.
2. Улуттук банктын ишинин максаттарына жетүү үчүн Улуттук банктын Башкармасы орто мөөнөттүү мезгилге акча-кредит саясатынын негизги багыттарын аныктайт.
3. Улуттук банк акча-кредит саясатынын негизги багыттарынын алкагында анын тескөөсүндөгү акча-кредиттик жөнгө салуу инструменттерин колдонот жана төмөнкүлөргө укуктуу:
1) акча-кредит саясатынын инструменттери аркылуу пайыздык саясатты аныктоого;
2) баалуу кагаздарды чыгарууга жана алар менен операциялардын бардык түрлөрүн жүзөгө ашырууга;
3) аманаттарды тартуучу финансы-кредит уюмдары үчүн милдеттүү резервдер боюнча талаптарды белгилөөгө;
4) тиешелүү кредит саясатын жүргүзүүгө;
5) жүгүртүүдөгү акча массасынын көлөмүн жөнгө салууга;
6) акча-кредит саясатынын башка инструменттерин колдонууга.