Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

31.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

3-глава. Кыргыз Республикасынын акча-кредит саясаты жана

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 14-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.

1. Улуттук банк банктар жана аманаттарды тартуучу башка банктык эмес финансы-кредит уюмдары үчүн милдеттүү резервдер боюнча талаптарды белгилейт. Көрсөтүлгөн жактар Улуттук банкта жайгаштырылуучу милдеттүү резервдерге ээ болууга милдеттүү.

2. Милдеттүү резервдердин өлчөмү, аларды эсептөө жана жайгаштыруу тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет.

3. Резервдик талаптардын сакталбагандыгы үчүн Улуттук банк аныктаган өлчөмдө жана тартипте айып пул алынат.