9-статья. Кыргыз Республикасынын жарандыгын күбөлөндүрүүчү документтер


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

18.03.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

1-глава

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясы, 18.03.2025 редакциясы.

Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортторунун бардык типтери жана Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын күбөлөндүрүүчү, жарандыгы жөнүндө маалыматтарды камтыган башка документтер Кыргыз Республикасынын жарандыгын күбөлөндүрүүчү документтер болуп саналат.

(КР 2023-жылдын 22-февралындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)