8-статья. Никеге турууда же нике бузууда Кыргыз Республикасынын жарандыгы
04.04.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
18.03.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026
Жаңыртылды: 03.11.2026
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясы, 18.03.2025 редакциясы.
1. Кыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам менен никеге турушу, ошондой эле андай никени бузушу алардын жарандыгын өзгөртпөйт.
2. Жубайлардын биринин жарандыгынын өзгөрүшү экинчисинин жарандыгынын өзгөрүшүнө алып келбейт.
3. Никенин бузулушу ошол никеден төрөлгөн же жубайлар асырап алган балдардын жарандыгын өзгөртүүгө алып келбейт.