413-берене. Телекоммуникациялык тарамдар үчүн белгиленген корголуучу чөлкөмдөрдү бузуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

IX БӨЛҮМ›43-глава. Маалымат, статистикалык жана жарнама иши, кинематография, телекөрсөтүү, радиоуктуруу , телекоммуникация жана почта байланышы чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

Жер жана шаар куруу мыйзамдарына ылайык белгиленген, телекоммуникациялык тарамдар үчүн корголуучу чөлкөмдөрдү бузуу -

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)