412-берене. Номерлештирүү ресурстарын жана радио жыштыктарды укук ченемсиз пайдалануу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

IX БӨЛҮМ›43-глава. Маалымат, статистикалык жана жарнама иши, кинематография, телекөрсөтүү, радиоуктуруу , телекоммуникация жана почта байланышы чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

Номерлештирүүнү жана радио жыштыктарды аларды бөлүп берүү же ыйгаруу жөнүндө чечимде аныкталган шарттарды бузуу менен пайдалануу, ага тете белгиленген тартипте бөлүнүп берилбеген (ыйгарылбаган) номерлештирүүнү же радио жыштыктарды пайдалануу -

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)