316-2-берене. Навигациялык пломбаларды пайдалануу менен тышкы экономикалык иштин катышуучусу тарабынан навигациялык пломбаларды пайдалануу менен товарларды ташууга байкоо жүргүзүү тутумунун улуттук операторуна маалыматтарды бербөө жана/же берүү тартибин жана мөөнөттөрүн бузуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VIII БӨЛҮМ›34-глава. Эсептерди жүргүзүү, бухгалтердик эсепти жана салык салууну жүзөгө ашыруу, ошондой эле күзөт-детектив кызматы чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

Эгерде көрсөтүлгөн маалыматтарды берүү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана/же ЕАЭБдин укуктарына ылайык милдеттүү болуп саналса, навигациялык пломбаларды пайдалануу менен тышкы экономикалык иштин катышуучулары тарабынан навигациялык пломбаларды пайдалануу менен товарларды ташууларга байкоо жүргүзүү тутумунун улуттук операторуна маалыматтарды бербөө жана/же берүү тартибин жана мөөнөттөрүн бузуу -

жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)