316-1-берене. Маркалануучу товарларды жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан маркалоонун жана марка-ланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук тутумунун операторуна маалыматтарды бербөөсү жана/же маалыматтарды берүү тартибин жана мөөнөттөрүн бузуусу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
VIII БӨЛҮМ›34-глава. Эсептерди жүргүзүү, бухгалтердик эсепти жана салык салууну жүзөгө ашыруу, ошондой эле күзөт-детектив кызматы чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар
Эгерде, көрсөтүлгөн маалыматтарды берүү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана/же ЕАЭБдин укуктарына ылайык милдеттүү болуп саналса, маркалануучу товарларды жүгүртүүнүн катышуучусунун маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук тутумунун операторуна маалыматтарды бербөөсү жана/же маалыматтарды берүү тартибин жана мөөнөттөрүн бузуусу -
жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)