314-берене. Товарларды маркалоо каражаттарын жасалмалоо


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VIII БӨЛҮМ›34-глава. Эсептерди жүргүзүү, бухгалтердик эсепти жана салык салууну жүзөгө ашыруу, ошондой эле күзөт-детектив кызматы чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

Пайдалануу максатында акциздик маркаларды, товарларды идентификациялоо каражаттарын же эсептик-контролдук маркаларды жасалмалоо, ага тете аларды сатуу максатында сактоо же сатуу -

жеке жактарга 350 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)