313-берене. Милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон товарларды маркалоо каражаттарын продукцияга жана/же анын таңгагына чаптабастан өндүрүү, импорттоо жана сатуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VIII БӨЛҮМ›34-глава. Эсептерди жүргүзүү, бухгалтердик эсепти жана салык салууну жүзөгө ашыруу, ошондой эле күзөт-детектив кызматы чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

Маркаланууга тийиш болгон товарларды отун маркерисиз же акциздик маркаларды же идентификациялоо каражаттарын жана/же эсептик-контролдук маркаларды товарга жана/же анын таңгагына чаптабастан өндүрүү, импорттоо, ташып кирүү, сактоо жана сатуу, ага тете идентификациялоо каражаттарын пайдалануунун белгиленген тартибин жана/же эрежелерин бузуу, эгерде мындай укук бузуу кылмыштын белгилерин камтыбаса, -

жеке жактарга 350 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 ,2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)