214-берене. Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VII БӨЛҮМ›24-глава. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгын, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

1. Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Адамдар узак убакыт бою, же болбосо убактылуу болуучу объекттердеги же жайлардагы абага карата жасалган ошол эле жосун –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Турак жай имараттарында, жайларда, батирлерде, үйлөрдө жана үйдүн жанындагы участоктордо санитардык-гигиеналык ченемдерди же санитардык-эпидемияга каршы ченемдерди бузуу –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуудагы жосун –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

5. Тамак-аш азыктарын же азык-түлүк чийки заттарын өндүрүүдө, жүгүртүүдө же болбосо сатууда техникалык регламенттердин талаптарын бузуу –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.