213-3-берене. Ысык-Көл көлүнүн аймагында суу мотоциклин (гидроциклди, скутерди) пайдалануу эрежелерин бузуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VII БӨЛҮМ›23-глава. Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

1. Суу мотоциклин (гидроциклди, скутерди) пайдалануу боюнча талаптарды бузуу -

жеке жактарга - 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет кайталанып жасалса -

жеке жактарга - 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-мартындагы № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2134-бенене. Ысык-Көл көлүнүн пляждык зоналарын адистештирилген техниканы колдонуу менен катуу турмуш-тиричилик калдыктарынан тереңдетип тазалоону өз убагынан кечиктирип, сапатсыз жүргүзгөндүгү үчүн жоопкерчилик

1. Пляждык зоналарды адистештирилген техниканы колдонуу менен катуу турмуш-тиричилик калдыктарынан тереңдетип тазалоо жүргүзүүнүн талаптарын бузуу -

жеке жана юридикалык жактарга эскертүү берүүгө алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет эскертүү берилгенден кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, -

жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 13-августундагы № 199 Мыйзамынын редакциясына ылайык)