81-берене. Аукциондун жыйынтыгы боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйымдын өлчөмү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 10.11.2026
VI БӨЛҮМ. ЖЫЙЫМДАР›26-глава. Жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым
Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 81-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Аукциондун жеңүүчүсүнө пайдалуу кен байлыктар чыккан жердин жер казынасын пайдалануу укугун берүүдө, жыйымдын өлчөмү тооруктун катышуучусу тарабынан сунушталган эң жогорку баа, бонустун суммасы (жер казынасын пайдалануу укугуна салык) менен жер казынасы жөнүндө геологиялык маалымат пакетинин наркынын ортосундагы айырма катары аныкталат.
2. Аукциондун объектиндеги жер казынасын пайдалануу укугуна баштапкы баа Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.