Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

VI БӨЛҮМ. ЖЫЙЫМДАР›26-глава. Жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым

Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 82-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1. Жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйымды төлөө мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат.

2. Бонусту жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалымат пакетинин наркын эсептен чыгаргандан кийинки жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн алынган жыйынтык сумманы бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.