80-берене. Конкурстун жыйынтыгы боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйымдын өлчөмү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 10.11.2026
VI БӨЛҮМ. ЖЫЙЫМДАР›26-глава. Жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым
Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 80-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Конкурстун жеңүүчүсүнө пайдалуу кен байлыктар чыккан жердин жер казынасын пайдалануу укугун берүүдө жыйымдын өлчөмү конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн жыйынтык баа, бонустун суммасы (жер казынасын пайдалануу укугуна салык) менен жер казынасы жөнүндө геологиялык маалымат пакетинин наркынын ортосундагы айырма катары аныкталат.
2. Конкурстун объектисиндеги жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баанын минималдуу чеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан, Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык белгиленет.