Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

VI БӨЛҮМ. ЖЫЙЫМДАР›26-глава. Жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым

Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 79-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке ишкер катары катталышкан, конкурс же аукцион өткөрүү аркылуу жер казынасын пайдалануу укугун алышкан ата мекендик жана чет өлкөлүк юридикалык жактар, ошондой эле ата мекендик жана чет өлкөлүк жеке жактар төлөөчү болуп саналат.