135-берене. Чегерүүлөрдүн өлчөмү, төлөөнүн тартиби жана мөөнөттөрү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

IX БӨЛҮМ. ЧЕГЕРҮҮЛӨР›48-глава. Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын пайдасынан чегерүүлөр

Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 135-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1. Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жылдык финансы-чарбалык иштердин жыйынтыктары боюнча таза пайдадан чегерүүлөрдү жүргүзөт.

2. Мамлекеттик ишканалардын чегерүүлөрүнүн өлчөмүн аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

3. Муниципалдык ишканалардын чегерүүлөрүнүн өлчөмүн аныктоо тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан аныкталат.

4. Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын пайдасынан чегерүүлөр отчеттук финансылык жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин төлөнүүгө тийиш.