Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

IX БӨЛҮМ. ЧЕГЕРҮҮЛӨР›48-глава. Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын пайдасынан чегерүүлөр

Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 134-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1. Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар пайдадан чыккан чегерүүлөрдүн төлөөчүсү болуп эсептелет.

2. Таза пайда - салыктарды, жыйымдарды, чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү бюджетке төлөгөндөн кийин ишканалардын карамагында калуучу, Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык эсептелүүчү пайданын бөлүгү.