136-берене. Мамлекеттик алымды төлөөчү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

X БӨЛҮМ. МАМЛЕКЕТТИК АЛЫМ›49-глава. Мамлекеттик алымдардын түрлөрү жана аларды төлөөнүн тартиби

Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 136-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1. Мамлекеттик алым - тиешелүү мамлекеттик органдар - соттор, мамлекеттик нотариустар жана мамлекет ыйгарым укук берген башка органдар, ошондой эле жеке нотариустар тарабынан алар белгилүү бир аракеттерди аткарууда жана юридикалык мааниси бар документтерди берүүдө алынуучу акча жыйымы.

2. Жеке жана юридикалык жактар мамлекеттик алым төлөөчүлөр болуп саналат.