379-берене. Жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча ишти кайра кароо жөнүндө соттун аныктамасы


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

IV БӨЛҮМ. МЫЙЗАМДУУ КҮЧҮНӨ КИРГЕН СОТ АКТЫЛАРЫН КАЙРА КАРОО БОЮНЧА ӨНДҮРҮШ›41-глава. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо

1. Жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арызды же сунуштаманы карап чыгып, сот же арызды канааттандырат жана сот актысын жокко чыгарат же кайра кароодон баш тартат.

2. Жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арызды канааттандыруу же четке кагуу жөнүндө биринчи инстанциядагы соттун аныктамасы ушул Кодекстин 39-главасында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.

3. Жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арызды канааттандыруу же четке кагуу жөнүндө апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасы ушул Кодекстин 40-главасында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.

4. Жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арызды канааттандыруу же четке кагуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиясынын аныктамасы даттанылууга жатпайт.

5. Сот актысын кайра кароо жөнүндө арыз же сунуштама канааттандырылган учурда иш сот тарабынан ушул Кодексте белгиленген эрежелер боюнча жалпы негиздерде каралат.