378-берене. Жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча арызды кароо
13.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
IV БӨЛҮМ. МЫЙЗАМДУУ КҮЧҮНӨ КИРГЕН СОТ АКТЫЛАРЫН КАЙРА КАРОО БОЮНЧА ӨНДҮРҮШ›41-глава. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо
Жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча соттук актыны кайра кароо жөнүндө арызды же сунуштаманы сот ушул Кодекстин 2141-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө соттук жыйналышта карайт. Арыз ээси жана ишке катышуучу башка жактар сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылынат, бирок алардын келбегендиги арызды же сунуштаманы кароого тоскоол болбойт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)