290-берене. Арызды берүү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
II БӨЛҮМ. БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯ СОТУНДАГЫ ӨНДҮРҮШ›32-глава. Жаранды аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген же аракетке жөндөмсүз деп таануу
1. Кумар оюндарына патологиялык түрдө азгырылуусунун, спирт ичимдиктерин же баңги заттарды кыянат пайдалануусунун натыйжасында жарандын аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таануу жөнүндө иш сотто анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, балдарды коргоо боюнча органдын, прокурордун арызы боюнча козголушу мүмкүн.
2. Психикасынын бузулуусунун натыйжасында жаранды аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө иш сотто анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, аны менен чогуу жашаган-жашабагандыгына карабастан жакын туугандарынын (ата-энесинин, балдарынын, бир туугандарынын), балдарды коргоо боюнча органдын, прокурордун, психиатриялык дарылоо мекемесинин арызы боюнча козголушу мүмкүн.
3. Жаранды аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таануу жөнүндө арыз ал жарандын жашаган жери боюнча, эгерде ал адам психиатриялык дарылоо мекемесине жайгаштырылган болсо - дарылоо мекемесинин жайгашкан жери боюнча берилет.