289-берене. Дайынсыз жоголгон деп таанылган же өлгөн деп жарыяланган жарандын келгендигинин же турган жери табылгандыгынын натыйжалары


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II БӨЛҮМ. БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯ СОТУНДАГЫ ӨНДҮРҮШ›31-глава. Жаранды дайынсыз жоголгон деп таануу жана жаранды өлгөн деп жарыялоо

1. Дайынсыз жоголгон деп таанылган же өлгөн деп жарыяланган жаран келген же анын турган жери табылган учурда сот өзүнүн жаңы чечими менен өзүнүн мурда чыгарылган чечимин жокко чыгарат.

2. Арыз дайынсыз жоголгон же өлгөн деп таанылган адам тарабынан же башка кызыкдар жак тарабынан берилиши мүмкүн.

3. Соттун жаңы чечими ал мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин жарандын мүлкүн ишенимдүү башкарууну алып салуу үчүн камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдарына же жарандык абал актыларын каттоо китебиндеги анын өлүмү жөнүндө жазууну жокко чыгаруу үчүн жарандык абал актыларын жазуу органына жиберилет.