77-статья. Гражданды дайынсыз жоголду деп табуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

I БӨЛҮМ›4-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 77-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

1. Эгерде граждандын турган жеринде бир жыл бою анын жүргөн жери тууралу маалымат болбосо, аны таламдаш адамдардын арызы боюнча сот дайынсыз жоголду деп табышы мүмкүн.

2. Жок болуп жаткан адам жөнүндө акыркы маалыматтар алынган күндү аныктоо мүмкүн болбогондо дайынсыз жоголду деп табуу үчүн мөөнөттү эсептөөнүн башталышы катары жок болуп жаткан адам жөнүндө акыркы маалыматтар алынган айдан кийинки айдын биринчи числосу, ал эми бул айды белгилөө мүмкүн болбогондо - кийинки жылдын 1-январы эсептелет.