76-статья. Ишке жөндөмдүү гражданга патронаждык
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 76-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
1. Баралына жеткен ишке жөндөмдүү, бирок ден соолук абалына байланыштуу өз укуктарын өз алдынча коргой жана милдеттерин аткара албай турган граждандын өтүнүчү боюнча ага патронаж түрүндө асыроо белгилениши мүмкүн.
2. Аракетке жөндөмдүү жашы жеткен граждандын көзөмөлдүк кылуучусу (жардамчысы) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ыйгарым укук берген майыптыгы бар граждандарга жана улгайган граждандарга социалдык кызмат көрсөтүү боюнча мамлекеттик орган же анын аймактык бөлүмү тарабынан ушундай граждандын макулдугу менен гана дайындалышы мүмкүн.
3. Ишке жөндөмдүү баралына жеткен камкордук көрүлүүчүгө таандык мүлктү камкордук көрүлүүчү менен түзүлгөн тапшыруу же ишеним менен башкаруу келишиминин негизинде камкордук көрүүчү (жардамчы) тескейт. Камкордук көрүлүүчүнү күтүүгө жана анын турмуш-тиричилик муктаждыктарын канааттандырууга багытталган турмуш-тиричилик жана башка бүтүмдөрдү түзүү камкордук көрүлүп жаткан адамдын макулдугу менен анын камкордук көрүүчүсү (жардамчысы) тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Ишке жөндөмдүү баралына жеткен гражданга бул статьянын 1-пунктуна ылайык белгиленген патронаж мындай патронаж астында турган граждандын талабы боюнча токтотулат.
Патронаж астында турган граждандын камкордук көрүүчүсү (жардамчысы) ушул Кодекстин 74-статьясында каралган учурларда өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруудан бошотулат.
(КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120 Мыйзамынын редакциясына ылайык)