56-статья. Граждандын аракетке жөндөмдүүлүгү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

I БӨЛҮМ›4-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 56-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

1. Граждандын өз аракеттери менен граждандык укукка ээ болуу жана аны жүзөгө ашыруу, өзүнө граждандык милдеттерди алуу жана аларды аткаруу жөндөмдүүлүгү (граждандык аракетке жөндөмдүүлүк) жашы жеткенде, башкача айтканда он сегиз жашка толгондо пайда болот.

2. Он сегиз жашка жеткенге чейин никеге турууга мыйзам жол берген учурда он сегиз жашка чыга элек граждан никеге турган учурдан тартып аракетке, жөндөмдүүлүккө толук ээ болот.

Никеге туруунун натыйжасында ээ болгон аракетке жөндөмдүүлүк нике бузулган учурда да толук көлөмүндө сакталат.

Нике анык эмес деп таанылганда өзү аныктаган учурдан тартып сот жашы жете элек жубайы толук аракетке жөндөмдүүлүгүн жоготкондугу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.

3. Эгерде мыйзам актылары тарабынан башкача белгиленбесе, бардык граждандар бирдей аракетке, жөндөмдүүлүккө ээ.

(КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120 Мыйзамынын редакциясына ылайык)