55-статья. Граждандын жашаган жери
12.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 55-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
1. Граждан туруктуу же көпчүлүк убакта жашаган жер граждан жашаган жер деп таанылат.
2. Он төрт жашка чейинки балдардын же камкордук көрүү астындагы граждандардын жашаган жери деп алардын ата-энелеринин, асырап алгандардын же камкордук көрүүчүлөрдүн жашаган жери таанылат.
(КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120 Мыйзамынын редакциясына ылайык)