403-статья. Кечигип алынган акцепт
12.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 403-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
1. Акцепт тууралу өз убагында жиберилген билдирүү кечигип алынган учурда, эгерде офертаны жиберген тарап башка тарапты акцепттин кечигип алынгандыгы жөнүндө дароо билдирбесе, акцепт кечикпеген болуп саналат.
2. Эгерде офертаны жиберген тарап башка тарапка кечигип алынган анын акцепти кабыл алынгандыгы тууралу дароо билдирсе, келишим түзүлгөн болуп эселтелинет.