402-статья. Акцепттин мөөнөтүн камтыбаган офертанын негизинде келишим түзүү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

III БӨЛҮМ›22-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 402-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

1. Жазуу түрүндөгү оферта акцепттин мөөнөтүн камтыбай, ал эми акцепт офертаны жиберген жак тарабынан мыйзамда белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин, эгерде мындай мөөнөт белгиленбесе, - бул үчүн кадыресе зарыл мөөнөттүн ичинде алынган болсо, келишим түзүлгөн катары эсептелинет.

2. Оферта акцепттин мөөнөтүн көрсөтпөстөн оозеки түрдө жасалса, ал эми экинчи тарап анын акцепт болгондугу жөнүндө дароо билдирсе, келишим түзүлгөн болуп саналат.