318-статья. Карызды которуу
12.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 318-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
1. Карызкордун өзүнүн карызын башка жакка которуусуна кредитордун макулдугу менен гана жол берилет.
2. Карызды которуу формасына карата тиешелүү түрдө талапты берүүнүн формасы жөнүндө эреже колдонулат.
3. Жаңы карызкор кредитордун талаптарына карата кредитор менен алгачкы карызкордун ортосундагы мамилелерге негизделген каршылыгын билдирүүгө укуктуу.