317-статья. Карызкордун жаңы кредитордун талабына каршылык билдирүүсү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

III БӨЛҮМ›18-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 317-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

1. Карызкор талаптын башка жакка өтүшүн жаңы кредитор ырастамайынча милдеттенмени аткаруудан баш тартууга укуктуу.

2. Карызкор милдеттенме боюнча укуктардын жаңы кредиторго өтүп жаткандыгы тууралу билдирүүнү алган учурда алгачкы кредиторго карата болгон каршылыгын жаңы кредиторго карата да билдирүүгө укуктуу.