294-статья. Менчик ээси болбогон ээлик кылуучунун укуктарын коргоо


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II БӨЛҮМ›15-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 294-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

Ушул Кодекстин 289-291-статьяларында каралган укуктар, мүлктүн менчик ээси болбосо да, бирок жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу, чарба жүргүзүү, оперативдүү башкаруу укугу бар же болбосо мыйзамда же келишимде белгиленген башка негиздер боюнча ээлик кылган жакка да таандык. Ошол жак өзүнүн ээлик кылуусун менчик ээсинен коргоого да укуктуу.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)