293-статья. Менчик ээсинин укуктарын бузуучу актылардын жараксыздыгы


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II БӨЛҮМ›15-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 293-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

Эгерде аткаруучу бийлик же жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органы тарабынан мыйзамга ылайык келбеген актынын кабыл алынышынын натыйжасында менчик ээсинин укуктары бузулса, анда сот менчик ээсинин арызы боюнча мындай актыны жараксыз деп табат.

Аталган актынын кабыл алынышынын натыйжасында менчик ээсинин тарткан зыяндарынын орду тиешелүү аткаруучу бийлик же жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органы тарабынан толук өлчөмүндө толтуруп берилүүгө тийиш.