249-статья. Турак жайдын менчик ээсинин үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктары
12.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 249-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
1. Турак жайдын менчик ээсинин ага таандык болгон турак жай бөлмөлөрүндө жашап жатышкан үй-бүлө мүчөлөрү турак жай мыйзамдарында белгиленген шарттарда ал жайларды пайдалануу укугуна ээ болот.
2. Эгерде турак жай мыйзамдарында башкача каралбаса, турак жайга же квартирага болгон менчик укугунун башка жакка өтүшү мурдагы менчик ээсинин үй-бүлө мүчөлөрүнүн бул турак жай бөлмөлөрүн пайдалануу укугунун токтотулушу үчүн негиз болот.