248-статья. Турак-жайдын менчик ээлеринин шериктештиги
12.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 248-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
(Статьянын аталышы 2004-жылдын 11-мартындагы № 20 мыйзамынын редакциясына ылайык)
1. Квартиралардын менчик ээлери үйдү эксплуатациялоону, квартираларды жана алардын жалпы мүлкүн пайдаланууну камсыз кылуу үчүн квартиралардын (турак жайдын) менчик ээлеринин шериктештигин түзүшөт.
2. Турак жайдын менчик ээлеринин шериктештиги коммерциялык эмес уюм болуп саналат, ал мыйзамга ылайык түзүлөт жана иштейт.