23311-статья. Башка бирөөнүн жер участогун чектелген түрдө пайдалануу укугу (сервитут)


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II БӨЛҮМ›10-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 23311-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

1. Кыймылсыз мүлктүн (жер участогунун, башка мүлктүн) менчик ээси жанаша жайгашкан кыймылсыз мүлктүн менчик ээсинен, ал эми зарыл учурларда башка кыймылсыз мүлктүн менчик ээсинен жанаша жаткан кыймылсыз мүлктү чектелген түрдө пайдалануу укугун (сервитутту) берүүнү талап кылууга укуктуу.

2. Сервитут тараптардын макулдашуусу боюнча (ыктыярдуу сервитут) же зарыл учурда ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде (мажбурлоочу сервитут) белгиленет жана кыймылсыз мүлктү каттоо үчүн белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.

3. Кыймылсыз участокту сервитут менен ыңгайсыз абалга келтирүү участоктун менчик ээсинин өзүнө таандык болгон кыймылсыз мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугунан ажыратпайт.

4. Келишим боюнча келип чыккан сервитут аныкталбаган мөөнөткө же келишимде каралган мөөнөткө белгилениши мүмкүн.