23310-статья. Жер участогунда жайгашкан имараттар же курулуштар ээликтен ажыратылганда жер участогуна укуктун өтүшү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II БӨЛҮМ›10-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 23310-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

Эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача каралбаса, жер участогунун менчик ээсине таандык болгон, анда жайгашкан имаратка же курулушка менчик укугу өткөн учурда, аны сатып алуучуга ушул имаратка же курулушка бекитилип берилген жер участогуна укук имараттын же курулуштун мурдагы менчик ээсине берилген шарттарда жана ошол эле көлөмдө өтөт.

Эгерде имаратты же курулушту ээликтен ажыратуу жөнүндө келишимде башкача каралбаса, имарат же курулуш ээлеп турган жана аны пайдалануу үчүн зарыл болгон жер участогунун бир бөлүгүнө менчик укугу сатып алуучуга өтөт.