192-статья. Сот тарабынан жөндөмдүүлүгү чектелүү делинген граждандын бүтүмдөрүнүн жараксыздыгы
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 192-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
1. Сот тарабынан жөндөмдүүлүгү чектелүү делинген граждандын камкордукка алуучунун макулдугусуз спирт ичимдиктерин ичүүнүн, күчтүү таасир этүүчү заттарды, баңгилик каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун пайдалануунун кесепеттеринин айынан мүлктү пайдалануу боюнча жасаган бүтүмү камкордукка алуучунун доосу боюнча сот тарабынан жараксыз катары таанылышы мүмкүн.
Эгерде мындай бүтүмдүн жараксыздыгы таанылса, анда ушул Кодекстин 189-статьясынын 1-пунктунда каралган эрежелер колдонулат.
2. Ушул статьянын эрежелери, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген граждан ушул Кодекстин 65-статьясына ылайык өз алдынча жасоого укуктуу болгон майда тиричилик бүтүмдөрүнө жайылтылбайт.
(КР 2009-жылдын 17-июлундагы N 233, 2025-жылдын 14-мартындагы № 56 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)