191-статья. Он төрттөн он сегиз жашка чейинки курактагы балдар жасаган бүтүмдүн жараксыздыгы
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 191-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
1. Он төрттөн он сегиз жашка чейинки курактагы балдар өз ата-энелеринин, асыроочуларынын же камкордукка алуучуларынын макулдугусуз жасаган бүтүм, бул макулдук ушул Кодекске ылайык талап кылынса, сот тарабынан ата-энелердин, асыроочулардын же камкордукка алуучулардын доолору боюнча жараксыз катары таанылышы мүмкүн.
Эгерде мындай бүтүмдүн анык эместиги таанылса, анда ушул Кодекстин 189-статьясынын 1-пунктунда каралган эрежелер колдонулат.
2. Ушул статьянын эрежелери толук жендөмдүү балдардын бүтүмдөрүнө жайылтылбайт (56-статьянын 2-пункту, 62-статья).
(КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120 Мыйзамынын редакциясына ылайык)