183-статья. Бүтүмдөрдүн жараксыздыгы жөнүндөгү жалпы жоболор
12.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 183-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
1. Бүтүм ушул Кодекс тарабынан, соттун ушундай таанышынын айынан
(талашып алуучу бүтүм) же мындай таанууга карабастан (арзыбаган бүтүм), белгиленген негиздер боюнча жараксыз.
2. Талашып алуучу бүтүмдүн анык эместигин таануу жөнүндөгү талап ушул Кодексте көрсөтүлгөн жактар тарабынан коюлушу мүмкүн.
Арзыбаган бүтүмдүн жараксыздыгынын кесепеттерин колдонуу жөнүндөгү талап каалаган таламдаш жак тарабынан коюлушу мүмкүн. Сот мындай кесепеттерди өз демилгеси боюнча колдонууга укуктуу.